Москвада кыргызстандык кыз 6-кабаттан кулаган. Ал Бишкекке жеткирилди

Москвада 6-кабаттан кулаган кыргызстандык кыз үйүнө акысыз жеткирилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашкандай, ал Бишкекке 9-октябрда келген.

Кыз 14-сентябрда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап, оор жаракат менен Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Кулап түшкөндүгүнүн себеби азырынча белгисиз.

«Болотбек кызы Мээрим 14-29-сентябрда биринчи кезектеги дарылануусун алып, шашылыш операция жасалды. Кийинки дарылоонун баасы 400 миң рублга жакын болот деп белгилүү болду. Кыргызстандыктын милдеттүү медициналык полиси болбогондуктан жана эмгек келишимин түзбөгөндүктөн, социалдык төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан анын үйүнө кайтуу маселеси чечилип жатканда «Умай Эне» кайрымдуулук борборуна жайгаштырышкан. Министрлик Кыргыз жаранын Бишкекте аэропорттон Тез жардам бригадасы менен тосуп алып, 4-шаардык ооруканага жайгаштыруу маселесин чечти», — дешти.