Москвада кыргызстандык таксист сабалган окуя. Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүлдү

Москвада кыргызстандык таксист сабалган. Полиция арызды кабыл албай койгон. Кыргызстандык алардан унаада сыра ичпөөнү суранган. Буга жүргүнчү ачууланып, кол көтөргөн. «Кыргызстандан келген айдоочу мыйзамдуу, жүрөт, жашоого уруксаты бар. Ал ооруканада кашын тиктирип, полицияга кайрылган, бирок алар андан токмок жегени тууралуу арыз алышкан эмес», — деп жазган блогер Рустем Адагамов.

Тышкы иштер министрлиги окуя 18-июлда болгонун билдирди. «Элчиликтин маалыматына ылайык, кыргызстандык таксистке кол салуу окуясы 18-июлда болгон. Бирок жабыркаган мекендеш элчиликтин дарегине кайрылган эмес. Видеоролик социалдык тармактарда тарагандан баштап, элчилик тараптан жабыркаган Кыргыз Республикасынын жаранын өздүгүн тастыктоо жана аны издөө иштери башталган.

Азыркы учурда элчилик жабыркаган жаран менен байланыш түзүп, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул факты боюнча жабыркаган менкендешибиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында элчилик тараптан тиешелүү иш-чаралары көрүлүп жатат. Ошондой эле, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин дарегине элчилигинен расмий нота жөнөтүлдү. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Орустядагы элчилигинин көзөмөлүнө алынды»,- дешти.