Москвада кыргызстандыктарды аэропорттон чыгарбай жатат. Элчиликтин комментарийи

Кыргызстандан учуп келген жүргүнчүлөр кайрадан «Шереметьево» аэропортунда кармалды. Бул тууралуу диаспоранын өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, азырынча аэропортто канча адам бар экени белгисиз. «Үч рейс келгени белгилүү. Көптөгөн жүргүнчүлөргө аэропорттон чыгууга тыюу салынган», — дешти алар.

Элчиликтен СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота тапшырылганын билдиришти. «Федералдык коопсуздук кызматы жарандардын жеке маалыматтарын өзгөрткөн адамдарды аныктоо үчүн текшерет. Элчилик Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү», — деп айтылат маалыматта.