Москвада медайымга бир нече жолу бычак сайган делип 27 жаштагы кыргызстандык кармалды

Санкт-Петербургдагы Александровский ооруканасынын медайымын кыргызстандык мигрант бычактап кетти. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын берген маалыматына караганда, окуя кечээ Большевик проспектисинде болгон. Кылмышкер медайым болуп иштеген 58 жаштагы аялга бир нече жолу бычак сайып, сумкасын уурдап качкан. Анын ичинде уюлдук телефон жана 1500 рубль болгон. Жолдон өтүп бара жаткан адам кол салган адамды кууп жетип, баштыкты жабырлануучуга кайтарып берген. Анын баалуу буюмдары жоголгон эмес.

Полиция кызматкерлери шектүүнү кармашты. Бул 2019-жылдан бери Россияда каттоосуз жүргөн 27 жаштагы кыргызстандык болуп чыкты. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жаткырылды. Шектүү изоляторго киргизилип, кылмыш иши козголду.