Москвада метродо көз жарган кыргыз келиндин баласынан баш тарткандыгы айтылууда

Орусиянын Москва шаарында метродо көз жарган кыргыз келиндин ымыркайынан баш тарткандыгы айтылууда. Бул туурасында орус маалымат булактары жазышты.

Маалыматта айтылгандай, аялдын төрөтүн полиция кызматкерлери менен метродо гезит саткан аял кабыл алып, 3 килограмм салмактагы дени сак эркек бала төрөлгөн. Бирок 29 жаштагы келин өз уулунан баш тарткан.

Ал эми окуя боюнча Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы «Москвада метродо төрөгөн мекендешибиз боюнча учурда тиешелүү маалыматтар такталууда. Атайын юристтер иш алып барып жатышат. Толук маалымат такталганда кабарлайбыз» деген.