Буга чейин Орус ЖМКлары кыргыз келин Москвада отургучтан таап алган кызды төрт жылдан бери багып келерин жазып чыгышкан. Окуя боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымат беришти.
16-июнда элчиликке жашы жете элек баланын документтерин тариздөө максатында 1974-жылы туулган Кыргыз жараны кайрылган. Элчиликтин жана ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жагдайды тактоо учурунда жаран төрт жыл мурун үйдүн кире беришинен баланы таап алып жана баласыз болгондуктан аны багып алууну чечкендигин билдирген. Мыйзамдын талаптарын билбегендиктен полиция жана баланы коргоо боюнча кызматкерлерине кайрылган эмес.
Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ошондой эле баланын жана жарандын укуктук статусун аныктоо жана укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында Орусиянын укук коргоо органдарына кайрылууга чечим кабыл алынган.
Бул маселе элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Ал эми Кыргыз жаранына зарыл юридикалык жардам көрсөтүлөт, ошондой эле балага анын Кыргыз жарандыгына таандык экендигин аныктоо иштери жүргүзүлөт.