Москвадагы аэропортто Кыргыз жараны баланы өлүмдөн сактап калды

Москвада «Внуково» аэропортунда Кыргыз жараны баланы куткарып калды, анын тамагына оюнчуктун тетиги тыгылып калган. Бул тууралуу блогер Фатих Копаран Твиттердеги баракчасына жазып чыкты. 

Ал баланын апасы кыйкыра баштаганда окуя болгон жерден алыс болгонун жазган. «Мен теракт деп ойлогом. Ошол жерге кыргызстандык жигит чуркап барып, Геймлихтин ыкмасын жасап, баланы сактап калды. Ал болбогондо бала өлүп калмак», — дейт блогер.

Блогер кошумчалагандай, баланы сактап калган адам дароо кетип калгандыктан аны сүрөткө тарта албай калган. «Жигит кетип баратканда мен «баары жакшыбы?» деп сурадым. Ал «ооба» деп жооп берди», — деп жазган автор. Кийинчерээк окуя болгон жерге аэропорттун медициналык кызматкерлери келишкен.