Москвадагы саунада иштеген кыргыз кызы: «Апама дүкөндө иштейм деп койгом»

Асема 23 жашта. Ал мектепти бүтүп, апасына жардам берейин деп Москвага келген. Каарманыбыз 3 жылдан бери Орусиядагы сауналардын биринде денесин сатып иштеп, үйдөгүлөрүнө акча салат. «Күнүнө 20 кардар кабыл алам, ден соолугуң кетет экен» деген Асеманын тагдыр баянын видеодон көрүңүз.

«Орусияга келгениме 3 жыл болду. Кыргызстанда дүкөндө иштедим. Дүкөндө айына 10-15 миң сом алчумун. Керектөөлөргө акча жетпей калат. Апам бар. 4 кызбыз. Үйдүн улуусумун. Атам менен апам мен 6-класста окуп жатканда ажырашышты. Батирде турдук. Май болсо, нан жок, нан болсо, чай жок жашоо башталды. Орусияга алгач келгенде эле ушул сферага келгем. Тааныштарым чакырган. Кыргыз кыздын алдында иштечүмүн. Мага эрте үй алыш керек болду. Үй алып, оңдотуп жатам. Апама дүкөндө иштеп жатам дедим», — деди ал.