Москвадагы саунада иштеген кыргыз кызы: «Сиңдилеримдин мен көргөн жашоону көрүшүн каалабайм»

Асема 23 жашта. Ал мектепти бүтүп, апасына жардам берейин деп Москвага келген. Каарманыбыз 3 жылдан бери Орусиядагы сауналардын биринде денесин сатып иштеп, үйдөгүлөрүнө акча салат. «Күнүнө 20 кардар кабыл алам, ден соолугуң кетет экен» деген Асеманын тагдыр баянын видеодон көрүңүз.

«Бул жакта иштеген кыздардын баары кыргыздар болчу. Жеке мен 1 күндө 20 адамды кабыл алам. Жийиркенүү болот. Азыр мен кардардан баш тарта алам. Ден соолугумду текшертүү үчүн ооруканага барып, 2-3 айда 1 жолу көрүнүп турам. Бул жерде 5 кыз бар. Кардар келгенде бардык кыздар чыгабыз, ал өзү тандап алат. Саатына 2 миң рубль болот. Сиңдилеримдин мен көргөн жашоону көрүшүн каалабайм», — деди ал.