Москвага авиабилеттер регулярдуу рейстердин саны көбөйгөндө арзандайт

Авиабилеттердин баасын ылдыйлатуу үчүн Кыргыз өлкөсү Орусиядан регулярдуу рейстердин санын көбөйтүп берүүнү сурап жатат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев билдирди.

“Учурда Бишкек-Москва каттамы аптасына эки жолу эле учуп жатат. Бир каттамды “Аэрофлот”, экинчисин “Авиа Траффик” аткарууда. Орусиянын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабына кайрылганбыз. Алар биздин суранычыбызды аткарышары менен баа саясаты да иретке келет. Ал эми азыркы билеттердин баасына келсек, авиакомпаниялар пандемия учурундагы чыгымын жабуу үчүн ушундай кадамга барышууда. Анын үстүнө бааны Жарандык авиация агенттиги эмес, авиакомпаниялар өздөрү аныкташат”, — деди Сталбек Шаршеев.

Жарандык авиация агенттигинин директору Орусияга иштөөгө бир гана ишке орношо турган компаниянын атайын чакыруусу менен учууга мүмкүн экенин түшүндүрдү. Анын айтымында, айрым менчик авиакассалар жасалма справкаларды сатып жатышат, бирок анын жасалма экенин адистер оңой эле аныктап коюшат. “Аныкталган фактылар боюнча маалыматтар укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Пандемия шартында учууга керектүү болгон бардык талаптарды жана документацияны жакшылап окуп чыгып, анан билет сатып алууга чакырам”, — деди Сталбек Шаршеев.