Москвага сабалган 11 жаштагы Кыргыз кызы. Кыз ата-энесине жөнөтүлөт

Москвада туугандары тарабынан сабалган 11 жаштагы кыргызстандык кыз Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештин алдындагы Миграция кеңешинин Орусиядагы өкүлү Сагынбай Расулов билдирди. 

«Ал азыр Өзгөн диаспорасынын лидеринин үйүндө. Кызынын учушуна ата-энесинин макулдугун күтүп жатабыз. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристтери менен биргеликте ага керектүү документтерди даярдашкан. Кыз өзүн жакшы сезип жатат, буттары ооруп жаткандыгын айтты. Бүгүн кыз корутунду алуу үчүн дарыгерге көрсөтүлөт», — деди ал.

Анын айтымында, кыздын ата-энеси кызын үйүнө жөнөтүүнү суранышкан.