Москвадагы мекендештер муфтияттын Орусиядагы өкүлүнө унаа белек кылышты (сүрөт)

Москва шаарында эмгектенген мекендештер Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиевге BMW 325 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдирди.

«КМДБнын Россиядагы өкүлү дин аалымдарын Орусия алып келип, жарандарыбызга Ислам дининин баалуулуктарын, мазхаб, акыйдабызды түшүндүрүүдө мээнети чоң. Андыктан биз бул эмгегин баалап, Сүйүнбек ажы Жусубалиевге BMW 325 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылууну эп көрдүк»,- дешти Москвадагы мекендештер.

Ал эми КМДБнын Орусиядагы өкүлү өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, Ислам дини тынчтыктын дини экендигин айтып, чет жерде эмгектенген мекендештерибиздин ар кандай агымдарга кирип кетпөөсү, үй-бүлөнү сактоодо жана соода-сатык маселесинде дагы да болсо дин аалымдары жана Орусия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен иштеше бере тургандыгын билдирди.