Москвага бала багуу үчүн алып барылып, сабалган 11 жаштагы кыз. Өзгөн диаспорасынын лидери кызды алып кетти

Өзгөн диаспорасынын лидери Москвада сабалган 11 жаштагы кыргызстандык кызды алып кетти. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун негиздөөчүсү Назгүл Турдубекова билдирди. 

Буга чейин туугандары 11 жаштагы кызды Москвага бала кароо үчүн алып кетишкени, аны сабап жатышканы маалымдалган. Ошондой эле кыздын ата-энеси изделип жаткан.