Муфтий: «Айрым өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун»

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев буга чейин бир катар Батыш өлкөлөрүндө болгон Куран өрттөлүүчү акцияны айыптады.

«Куран — Алла Тааладан түшүрүлгөн болуп, анын бир тамгасы дагы өзгөртүлбөгөн, бурмаланбаган, бузулбаган. Куран адамзатка адеп-ахлак, бакыт, руханий тынчтык, өнүгүү, маданият берген. Ал өнүккөн ислам цизилизациясына негиз салуу менен бүгүнкү өнүгүүнүн, укуктун жана адамгерчиликтин рычагы экенин эч ким тана албайт. Куран-и Карим нур, илим, шыпаа, идеалдуу дүйнө тааным болуу менен бирге ыйман негиздерин, ибадат формаларын жана адеп-ахлактык баалуулуктарды үйрөттү.  

Мына ушундай улуу китеп 15 кылым бою мусулмандардын көзүнүн нуру, көкүрөк тумары, пайгамбар аманаты болуп келе жатат. Ошол күндөн ушул күн жакшылыктын жарчысы, жамандыктын камчысы болуп, адамзатты, анын ичинде мусулмандарды күн сайын мыкты, адептүү, идабаткөй болууга өбөлгө түзүп келет.

Тилекке каршы, Жараткандын китеби болгон Куранды өрттөөгө батынган ынсапсыз, маданиятсыз, адеп-ахлаксыз, толерантсыз жандар болууда. Акыйкатта алар Куранды өрттөө менен Жер шарынын ¼ калкы карманган динге акаарат кылып, провокация жасашууда. «Сөз эркиндиги», «адам укугу», «акция» деген ярлыктарды жамынып, ириде руханиятка жырткычтык мамиле кылынганы бешиктеги балага да маалым. 2 миллиард адамдын ыйык туткан китебин өрттөөнүн эмнеси сөз эркиндиги да, эмнеси адам укугу?! Ириде сөз эркиндиги да, адам укугу да, демократия да жоопкерчилик эмеспи! Башкача айтканда, эркиндиктин да, укуктун да чеги, ченеми, алкагы бар. Бирөөнүн укугу бүткөн жерде башканын укугу башталат. Демек, кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!» — деди ал.