Муфтий Максат ажы Токтомушев кызматынан баш тартты

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев муфтийлик кызматынан баш тартуу боюнча өз арызын жазды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, муфтийдин кызматтан кетиши тууралуу толук маалымат муфтияттын башкы эсепчиси боюнча соттун чечиминен кийин берилет.

Буга чейин УКМК тарабынан зыяратчылардын акчаларын өз максаттары үчүн колдонуп жүргөн деген айып менен аталган мекеменин башкы эсепчиси кармалган болчу.