Муфтий Ош шаарындагы сел кырсыгынан кайтыш болгон аялдын үй-бүлөсүн зыярат кылды

Бүгүн, 21-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы селден улам кайтыш болгон Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндөгү Учкун айылынын тургуну Айнагүл Базарбаеванын үй-бүлөсүн зыярат кылды. Маркумга багышталып Куран окулуп, дуба кылынып, үй-бүлөсүнө жана балдарына көңүл айтылды. Муну менен катар муфтият тарабынан аталган үй-бүлөгө акчалай жардам берилди.

Буга чейин Ош облустук казыяты Кара-Суу районундагы сел кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөргө 425 миң сом акчалай, 25 миң сомдук тамак-аш азыктарынан жардам көрсөткөн.