Муфтийди шайлоо. Филармонияда 29-майда Курултай өтөт

Аалымдар кеңеши тарабынан муфтий 29-майда шайланат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Сынак кечээ, 21-майда өттү. Эми анын жыйынтыгы менен 29-майда муфтий шайланат. Ошону менен бирге буга байланыштуу Улуттук филармонияда Курултай өтөт. Ошол жактан муфтий дайындалат»,— дешти алар.

Ал эми кечээ күнү Аалымдар кеңешине нааразы болгон жарандар тиккен боз үйүн ошол эле күнү чечип, алып кетишкен. Анда муфтияттын алдында муфтийдин Аалымдар кеңеши тарабынан шайланышына нааразы болгон жарандар митингге чыгышкан эле. Алар буга чейин кеңеш тарабынан шайланган муфтийлер жакшы иш көрсөтө албаганын айтышып, ачык сынак өткөрүүнү талап кылышкан.