Муфтийликке талапкер болууну каалагандар 6-февралга чейин документ тапшыра алат

Аалымдар кеңешинин жыйынында 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз Курултайын чакыруу чечими кабыл алынды.

Аны менен катар Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин астында түзүлгөн каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссиясы Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна сынак жарыялады. Муфтий кызмат ордуна талапкер болууну каалагандар 27-январь күнү саат 10:00дөн баштап 6-февраль саат 17:00 гө чейин талап кылынган документтерди каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссиясына тапшырууга тийиш.

Дарек: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси 264/3. Муфтияттын имараты. 2 кабат, 11-кабинет.