Курман айт намазы 20-июль күнү Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00до башталмакчы. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Айт намаздын программасы:
07:00-07:20 — Муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы
07:20-07:30 — Куттуктоолор
07:30 — Айт намаз
Эскертүү: Айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.
• Бет каптын болуусу талап кылынат;
• Ар бир адам жайнамазын ала баруу сунушталат;
• Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо;
• Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
• Дааратты үйдөн алуу;
• Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат;
• Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.