Муфтият айт намаздын программасын таратты

Курман айт намазы 20-июль күнү Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00до башталмакчы. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Айт намаздын программасы:

07:00-07:20 — Муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы

07:20-07:30 — Куттуктоолор

07:30 — Айт намаз

Эскертүү: Айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.

•             Бет каптын болуусу талап кылынат;

•             Ар бир адам жайнамазын ала баруу сунушталат;

•             Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо;

•             Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

•             Дааратты үйдөн алуу;

•             Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат;

•             Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.