Муфтият ажылык сапарга баруу үчүн тизмеге катталып, кезек күтүп тургандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер ажылык мезгилине убакыт тар болуп калгандыктан, алдын ала  COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

COVID-19 илдетине каршы Сауд Араб Падышалыгынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекиткен эмдөө дарылардын тизмеси:

•          Пфайзер-Бионтек (Pfizer-BioNTech)

•          Модерна (Moderna)

•          Оксфорд- Астразенека (Oxford-Astrazeneca)

•          Джансен (Janssen)