Муфтият: «Бишкекте жума намаз, мечиттердеги ифтар жана дааваттарды токтотуп туруу сунушун аалымдар кеңеши карап жатат»

23-апрелде Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору борбор калаадагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу даават, жума намаз, айт намаз жана мечиттердеги ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотуп турууну сунуштаган эле.

Ошол эле күнү муфтият сунуш келип түшкөнүн тастыктап, сунуш жума күнү караларын билдиришкен эле.

Бүгүн, 26-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул сунуштун колдоого алынганын же алынбаганын билүү үчүн муфтият менен байланышты.

Алардын айтымына, сунуш Аалымдар кеңешине жөнөтүлгөн. Бирок жооп келе элек.

«Муфтияттан жогорку турган Аалымдар кеңеши бар да. Биз сунушту ошол жакка жөнөткөнбүз. Жооп күтүп жатабыз. Бирок биз апрель айынын башында эле мечиттердеги ифтарларга тыюу салганбыз. Тактап айтканда, мечитте ифтар эч ким өткөрбөй эле. Ошондой эле намаз окуп жатканда адамдардын арасындагы аралык сакталсын дегенбиз. 65 жаштан жогорку адамдарга намазга мечитке келүү сунушталбарын айтканбыз»,- дешти алар.