Муфтият: «Эгемендиктин баркын билип, туубузду аздектейли»

«Эгемендиктин баркын билип, туубузду аздектейли». Мындай кайрылууну муфтият кечээ, 3-июнда жарыялады.

«Кыргызстандай ажайып кооз, табияты таза, абасы тунук жана 90 пайыз мусулман калкы жашаган мекенди Жараткан насип кылып, жашоо кечирип келебиз. Мамлекетибиздин эркиндиги, динибиздин эркиндиги Алланын чоң жакшылыгы, белеги. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” демекчи, кылымдарды карыткан кыргыз эли нечен кыйынчылык, оор мезгилдерди башынан кечирген. Даанышман элибиз башына мүшкүл иш түшкөндө бир муштумга биригип, ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берип келген. Андыктан ар бирибиз ынтымакты туу тутуп, ынтымакта, биримдикте, достукта өмүр сүрүүбүз кажет.

Мекенибизде мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар окулуп, медреселер иштеп, динде эркин жашап жатабыз. Бул эгемен өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсү, динибиздин туура жайылуусу. Диний баалууктарды, улуттук дөөлөттөрдү, эркиндиктин символу болгон кызыл желегибизди аздектөө менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин күч-кубаттуу болуусуна баарыбыз биргеликте салым кошолу. Биз эгемен кыргыз эл экендигибизди эч качан унутпайлы. Анткени Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилери бар. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Дал ушул баалуулуктарыбызды кастарлап жашайлы. Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ынтымакта болуп, улут-урууга бөлүнүп-жарылбай, ар кандай провокациялык аракеттерге азгырылбай, сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен өмүр сүрөлү!» деп жазылат кайрылууда.

Сузак районундагы эки орто мектептин, ошондой эле Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен. Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 30-майга караган түнкү саат 3:20-4:00 чамасында болгон. Саат таңкы 04:15 чамасында милицияга Бек-Абад айылынын тургуну кабар берген. Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. УКМК окуя болгон айылда 31-майда “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” уюмунун мүчөсү деп шек саналган алты киши кармалганын 1-июнда билдирди. Бирок таратылган маалыматта алардын желекке байланыштуу окуяга тиешеси бар же жогу айтылган эмес.