Муфтият: «Эмдөөдөн өткөндөрдүн орозосу бузулбайт»

Эмдөөдөн өтүү орозо кармап жаткандардын орозосун бузбайт. Эмдөө алуу, же албоону ар бир адам өзү чечет. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

«Вакцина алуу, же албоону, кайсы вакцинага ишенүүнү ар бир адам өзү чечиши керек. Биз вакцинаны текшерүү үчүн жооптуу уюм эмеспиз, ошон үчүн тигил же бул вакцинанын курамы туура келет, же туура келбейт  деп айта албайбыз«, — деп билдирет Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатвалар бөлүмүнүн өкүлү Бактияр Токтогазы уулу.

Ал ошондой эле эмдөөдөн өтүү орозону бузбай турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө коронавируска каршы эмдөө жараяны башталды. Алгачкылардан болуп медицина кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө. Экинчи кезекте мугалимдерди, тобокел тобундагыларды эмдөө каралууда. Кечээ,1-апрель күнү өкмөт жыйынында Улукбек Марипов Саламаттык сактоо министрлигин бекер келчү вакциналарды күтүп отура бербей, бюджеттен акча караштырып, вакцина сатып алууга чакырган.