Муфтият имамдын «аялдын эти арзандап, койдун эти кымбаттады» деп айтканы боюнча тактоо жүргүзөт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Муфтияттан билдиришти.

«Видеодо айтылган маалыматтар кандай максатта айтылгандыгын териштирет», — деп кошумчаланат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда дин таануучу Садыбакас Дооловдун «Аялдын эти арзандап, койдун эти кымбаттады» деген сөзү талкуу жараткан.