Муфтият: «Жихад деп Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт»

Муфтият Палестина боюнча билдирүү таратты. Анда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана муфтият Израилдин Палестинанын калкына каршы жасап жаткан согуштук кыргынын адамзаттык кылмыш деп айыптап жатканы жазылат.

«Бул кайгы бир гана палестиналыктардын эмес, бүт дүйнөдөгү мусулмандардын кайгысы болууда. Болуп жаткан согуштун ырайымсыздыгын дүйнө элдери айыптап, тез токтотууну талап кылышууда. Биз, Кыргызстан өлкөсү, географиялык жактан алыс жайгашканыбызга байланыштуу, моралдык жана материалдык жардамыбызды берүүнү туура деп чечтик. Ошондуктан эл чогулган жерлерде, мечит-медреселерде, жума намазга келген жамааттар менен, жадагалса ар бир мусулмандын жеке ибадаттарында Палестина эли үчүн дуба кылууга чакырабыз. Эң негизгиси, материалдык жардам көрсөтүү шариятыбыздын учурдагы абалга карата мойнубузга жүктөгөн талабы болуп саналат.

Урматтуу кыргызстандыктар, Палестина калкына карата жарыяланган каргашалуу согушка байланыштуу соцтармактарда ар кандай чакырыктар жайылып жатат. Аталган чакырыктарды аалымдарыбыз иликтеп чыгышты. Жыйынтыгында мусулман бир туугандарыбызга болгон жардамыбыз руханий жана материалдык болууга тийиш деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан сезимдерге алдырып жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз», — дешти.