Муфтият Ысык-Көлдөгү машыгуу лагерине барып, сабалган 9 жаштагы өспүрүм боюнча үн катты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Ысык-Көлдөгү машыгуу лагеринде болгон окуяны айыптап жана каралап, башка диндин өкүлдөрүнө мындай мамиле кылбоого чакырат.

«Бардык адамзатка жакшы мамиле кылуу – Аллахтын ырайымына бөлөй турган сыпат. Ислам дининин башка дин өкүлдөрүнө кылган мамилесине пайгамбарыбыздын доорунан берки тарыхта көптөгөн өрнөктөр бар. Ислам дини эриш аркак жашоого, сабырдуулукка жана толеранттуу мамиле кылууга үндөйт. Бүгүнкү күнгө чейин дээрлик бардык өлкөлөрдө мусулмандар менен христиандар жанаша коңшулукта, тынчтыкта жашап келе жатышат»,- деп айтылат маалыматта.

Диндер ортосундагы ынтымагыбызды бекемдөө аркылуу тоскоолдуктардын баарын жеңе алабыз. Аба менен суу кандай керек болсо, ынтымак да ошондой керек экенидигин баса белгилешти.

Белгилесек, тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда курдаштары тарабынан сабалган. Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден-соолугуна жеңил түрдөгү зыян келтирилген, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон. Кийинчерээк окуяны Министрлер кабинетинин төрагасы өз көзөмөлүнө алган.