Муфтият зекет боюнча маалымат берди

Муфтият зекет боюнча маалымат берди. Буга чейин битир-садака тууралуу маалымат берилген болчу.

Уйдун зекети. Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы зекет берилет. Анын өкүмү уйдун зекетинен эч айырмаланбайт.

Кой, эчкинин зекети. Ар бир мусулман пенденин майда малы 40 койго же 40 эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо 1 кой же 1 эчки зекет катары берилет.

Төөнүн зекети. Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, 1 кой зекетке берилет. 10 төөгө жетип калса 2 кой берилет.

Жылкынын зекети. Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган, арасында кеминде 1 ургаачысы бар жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен (нисабка) зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет.

Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.