Муфтиятта халал иштерин өнүктүрүү бөлүмү ачылды

Муфтият өлкөдөгү халал индустриясын өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмүн ачып, анын башчылыгына Бактияр Токтогазы уулу дайындалды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз катчысы маалымдады.

Мындан ары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмү Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын халал индустриясы менен тыгыз кызматташып, халал иштерин шариятка ылайык өнүктүрүүдө мыйзамдын чегинде бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшамакчы.