Муфтияттын алдында митинг өтүп жатат. Анда муфтийликке ачык шайлоо өткөрүү талап кылынууда

Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын алдында митинг өтүп жатат. Митингге келгендер боз үй тигүүгө киришти. Алар муфтийдин Аалымдар кеңеши тарабынан шайланып жатканына каршы болушууда.

“Ушул жылдар аралыгында бир дагы муфтий жакшы иш алып барган жок. Муфтияттын жетекчилери ыплас иштерге аралашкан. Эмне үчүн муфтийди бир нече адам шайлашы керек? Аларды өз тобу гана колдойт. Муфтийди эл шайлашы керек. Муфтийликке талапкерлердин атаандаштыгы ачык болушу керек”, — дешет нааразычылык акциясына чыккандар.

Мындан тышкары, митингдин катышуучулары муфтияттын казынасын текшерүү керек дешет.