Муфтияттын башкы эсепчиси 11-мартта үй камагына чыкканы белгилүү болду

Бишкек шаардык соту 11-мартта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.  Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

12-февралда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бекиев 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камалган.

УКМК 10-февралда Бекиевди мыйзамсыз финансылык иштерге шектүү катары кармап, “Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшаганы аныкталды” деп билдирген.

Ошол эле күнү муфтий Максатбек Токтомушев да бул ишке шектүү катары кармалган. 11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Максатбек Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан арызын карап, канааттандырган эле.

Биринчи Май райондук соту Токтомушевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошоткон.