Муфтияттын өкүлү: «Оозду кечиктирип ачуу – күнөө»

30 күндүк орозо кармоого дит койгон адам кандай парздарды, шарттарды жана эрежелерди аткаруусу керек? Орозо кимдерге сунушталбайт? Эмнеге уруксат берилип, эмнеге тыюу салынат? Орозо кайсы учурда бузулуп, кайсы учурда бузулбайт? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев жооп берди.

«Календарда көрсөтүлгөн убакыт болору менен ооз ачылыш керек. Муну кечиктирген — күнөө. Тезинен ачуу бул жакшы. Азыр муфтият убакытты тактап берип жатабыз да, мурда андай болгон эмес. Ошол учурда намаз окугандар өзүлөрү гана болжолдуу убакыт белгилеп алышкан. Негизинен күн батары менен ачыш керек», — деди ал.