«Мугалим, ашпозчу болуп иштеген». Бишкектеги хосписте ооруп жаткан аялдын жакындары изделип жатат

Жашаган жери жок жарандарга жардам көрсөткөн “Өмүр фонтаны” коомдук кайрымдуулук фонду аталган уюмдун хосписинде жаткан бейтаптын жакындарын табууга жардам сураган билдирүүнү социалдык тармактарга жарыялады.

«Биздин хосписте 1968-жылы туулган Елена Владимировна Золотухина оор абалда жатат. Аялдын айтымында, ал 2-төрөт үйүндө төрөлгөн, № 26 мектепте окуган, №36 мектепте 8 жыл орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. Андан кийин 10 жыл ошол эле мектепте ашпозчу болуп иштеген. Жолдошу Марат 67 жашында каза болгон. Кызы бар Вика — 36 жашта, небереси Ратмир — 17 жашта. Алар Самарада жашашат», — деп жазылат маалыматта.