Мугалим сабаган кыздын апасы: «Мугалимди кечирдим, доом жок»

Сузактагы мугалим менен окуучунун чуулгандуу окуясына чекит коюлду көрүнөт. Учурда ооруканада жаткан окуучу кыздын апасы Шаиргүл Хусанова сабаган мугалимге карата доосу жок экенин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Кечээ мектептин директору ооруканага келип, кызымдан кабар алды. Мугалим да кечээ кечинде үйгө күйөөсү менен келип кетти. Бири-бирибизди туура түшүнүштүк, аны кечирдим. Доом жок деп доо арызын жаздым. Өзүм деле чынында бул окуядан чарчап кеттим. Жолдошум төшөктө жатат, аны 2-3 күндөн бери кызым менен болуп карай албай калдым. Өзүмдүн да сахарым көтөрүлүп кыйналып жатам. Кызымдын дарылоосуна акча бергиле деп алардан сурабай, өзүм алып жаткам. Өздөрү «кызыңыздын бардык дарылоосун моюнубузга алалы» деп айтышты. Бүгүн ооруканага келип, дарыгерлерге дагы көрсөтүшмөк. Мээримгүл бизге окшогон карапайым турмушта жашайт экен. Ал деле алчу жазасын алды, окуя чоң сабак болду деп ойлойм. Кызым дагы деле ооруканада, менин тилегим, кызым жакшы болуп, калыбына келип калса эле болду. Башка эч нерсенин кереги жок», — дейт Шаиргүл Хусанова.