Мугалимдер менен мектеп директорлорунун орточо айлыгы канча?

Билим берүү жана илим министрлиги АКИpress агенттигине мугалимдердин жана мектеп директорлорунун орточо айлык акысы тууралуу маалымат берген.

Министрликтин маалыматы боюнча, республика боюнча мугалимдердин орточо айлыгы 26 800 сомду, Бишкекте 26 200 сомду түзөт.

Республика боюнча директорлордун орточо айлык акысы 35 200 сом, Бишкекте — 35 100 сом.