Мугалимдер сентябрда айлык азайганын айтышты. Министрлик түшүндүрмө берди

Кыргызстанда мектеп мугалимдеринин айлыгы сааттардын кыскарышынан улам кыскарган. Бул тууралуу журналисттерге мугалимдер билдирип, эки класс алгандарга акча төлөнбөй калганын билдиришкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен түшүндүрмө беришти. «Айлык көбөйгөндөн баштап, окуу жүктөмдөрү азайтылган. Стажга, жетишкендиктеринен көз каранды болот. Мисалы, мурда 32 саат менен иштеп келишкен болсо, азыр 24 саат эле бергенге укуктуу. Себеби мугалим 32 саатка физикалык жактан жетишпейт. Азыр андай мүмкүн эмес. Ошондуктан окуу жүктөмдөр азайды. Санга эмес сапатка деген түшүндүрмө бере алабыз. Айлык көбөйтүлгөндө ошолор каралган»,- дешти.