Мугалимдердин айлыгы кийинки жылы көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Мугалимдердин айлыгын кийинки жылда көтөрүү боюнча азырынча план жок. Анткени мектептерди китеп, техникалык каражаттар менен камсыздоо, мугалимдерге ноутбук алып берүү маселеси турат. Бул туурасында билим берүү министри билдирди.

«Мугалимдердин айлыгын көтөрүү керек, инфляцияны эске алуу менен эмгек акыны жогорулатып туруу керектигин түшүнүп эле турабыз. Финансы министрлигинин бул үчүн бардык күчүн жумшап, анализ жасап жатабыз дегени сүйүнтөт», — деди Догдургүл Кендирбаева АКИpress агенттигине.