Мугалимдердин август кеӊешмесине карата методикалык сунуштарды онлайн талкуулоо жүрүүдө

Мугалимдердин август кеӊешмелеринин алдында Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери облустук билим берүү институттарынын, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/мекемелердин жетекчилери менен онлайн жолугушууну башташты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, онлайн жолугушуулар учурунда методист-предметниктер менен мугалимдердин август кеңешмесине карата талкуулары жүрүп жатат. Бул мектеп мугалимдеринин методикалык даярдыгын күчөтүүгө жана 2021-2022-окуу жылын ийгиликтүү башктоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакуновдун айтымында, мындай жолугушуулар жыл сайын өткөрүлүп турат. Быйыл да мектеп предметтерин окуп-үйрөнүүнүн жана окутуунун өзгөчөлүктөрү талкууланат, билим берүү маселелери боюнча методикалык сунуштар берилет жана пикир алмашуу жүргүзүлөт.