«Мугалимдин абалы оор». Окуучуну сабаган мугалим жумуштан кетпей калды

Сузак районунун Сафаровка айылындагы №1 мектептин мугалими, окуучуга кол көтөргөн Мээримгүл Эргешбаеваны жумуштан алуу буйругу жокко чыгарылды. Бул маалыматты аталган мектептин директору Даткайым Нуралиева СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине тастыктады.

«Учурда мугалимдин абалы абдан эле начар. Мен телефон чалсам албай, ар ким аркылуу байланыштым. Видео коомчулукка тараганда дароо эле аны мектепке чакыргам. Ооруп жатам дегенине карабай келтиргем. Абалы ошондо эле жакшы эмес болчу, калтырап-титиреп эс-учун жоготуп, комиссия келгенче кетип калды. Азыр деле абалы оор. «Жолдошум жумушка барат. 5 балам кароосуз калат, менин ооруканага жатканга шартым жок» деп үйүндө калган.

Ал эми окуучу кызды ооруканага барып кечээ көрүп келдим. Абалы жакшы экен, бирок бир аз жүрөгүм айланганы бар деди. Апасы менен деле көрүштүм. Ал мугалимдин жумуштан кетишин каалабайм деп айтып жатат. Ошондуктан мугалимдин абалын көрүп, комиссиянын жыйынтыгын, ата-энесинин доом жок дегенин эске алып, мугалимдин жумуштан алуу тууралуу токтомду жокко чыгардым. Мээрим азыр жумушка келе албаса деле керек. Кийин кайрылып келсе болот. Бул окуя мугалимге да, окуучуга да сабак болду», — деди директор.