Мухаммадяр Курбанбеков Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышында 2-орунду алды

Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча 80 өлкөнүн ичинен 2-орунду багынткан Мухаммадяр Курбанбековду кечээ, 25-февралда “Манас” аэропортунан ата-энеси жана жакындары, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин биринчи орун басары Самидин Атабаев баштаган Дин башкармалыктын кызматкерлери тосуп алышты. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Муфтийдин биринчи орун басары бул жеңиш кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин баса белгилеп, өлкөбүздө Куранды мыкты жаттаган жаштардын көбөйүүсү ыймандуу коомдун түзүлүшүнө өбөлгө экенин билдирди. «Өлкөбүздө 1990-жылдардан тарта эле Куранды жат билген карыларыбыз дүйнөлүк жарыштарга катышып, биринчи орундарды багынтып келет. Бул жеңиш кыргыз элинин жеңиши, өлкөбүздүн таанылышы. Спорт чеберлерибиздин жана Куранды жат билген карылардын дүйнө жүзүндө туубузду көтөрүп келиши мамлекетибиз үчүн чоң жетишкендик», – деди Самидин Атабаев.

Мухаммадяр Курбанбеков бул жарышка кылдат даярданып, бар күчүн жумшагандыгын билдирди. «Албетте, жеңиш оңой эле келбейт. Куран жарышына кылдаттык менен даярданып, өзүмө бир топ тажрыйба топтодум», – деди ал.