Мукабасы башка, ичи башка окуу китептердин видеосу тарады

Социалдык тармакта мукабасы башка, ичи башка китептердин видеосу тарады. Анда 5-класстар үчүн окуу китептердин математика китебинин ичи орус адабияты болсо, математика боюнча дагы бир китепте кыргызча-англисче-орусча сөздүк жазылып калган.

Билим берүү министрлиги бул китептер мурда менчик басмаканаларда чыгарылганын, азыр китептер министрликтин көзөмөлүндөгү мамлекеттик типографияда басылып жатканын айткан.