Мунапыс берилген 73 жарандын он бири кылмыш жасап, кайра абакка отургузулган

Өткөн жылы 1052 соттолгон жана абактагылар мунапыска туш болгон. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.

«Жалпысынан Улуу Жеңиш жана 7-апрелге карата амнистияга 1052 адам түшкөн. Алардын ичинен 73 адам эркиндигинен ажыратылган жайдан бошотулган, 14 качуу боюнча кылмыш иши токтотулган, алар өздөрү келген. 965 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылган. Биздин талдоо көрсөткөндөй, мунапыс менен бошотулгандардын жалпы санынан 11 адам кийин кайра кылмыш жасап, абакка түшүп калган», — деди ал.