«Мунапыс берилиши мүмкүн». Кулак-мурду кесилген келин Кыргызстандан кетүү ниетин билдирди

Селекцияда мурдагы жолдошу тарабынан кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаева анын мурдагы жолдошуна сот чечим чыгаргандан кийин алгачкы жолу үн катты.

«Мен Асел Ногойбаева. Унчукпай келгеним үчүн кечирим сурайм. Мага байланышка чыгуу моралдык жактан оор болду. Соттун өкүмүнөн кийин өзүмө орун таппай калдым. Абдан көпкө ыйладым, кайра эле ошол коркунучтун баарын башынан өткөрдүм. Бул трагедияга чейин мен Азамат Эстебесовдун үстүнөн көп жолу арыз жаздым. Анткени, ал мага көчөдө кол салып, сабап, аңдып, коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрдү жазып, эки жолу кордоп, бирок милиция мени өлтүргүчө, биз эч нерсе кыла албайбыз деп айтты.

Көрсө, бул чын экен, мени өлтүрүү максатында келип, өлтүрбөй койгону үчүн 20 эле жыл берилди. Ал менин көзүмдү оюп алайын деп жаткан эле, ошол маалда үйгө милиция кирип келди. Жактоочум чалды, ал мага сот өмүр бою эркинен ажырата албастыгын түшүндүрдү, анткени мыйзам жана берене ошондой. Балким сот менен прокурор өмүр бою эркинен ажыратууну каалаган, бирок мыйзам шектүү тарапта болчу!

Мен жана менин эки уулум үчүн өлкөдө калуу өтө кооптуу, анткени ал мунапыс менен бошотулушу мүмкүн. Бийлик өзгөрөт, убакыт өтөт, көптөр мени унутат. Мен азыр кимдир бирөө мени аңдып, эшикте күтүп турганын элестете берем. Түнкүсүн мен бир нече жолу ойгоном. Уктагым келбейт, уйкудан корком, түшүмдө ошол күнгө кайтам. Балким, Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин тынч уктай алам. Баары ушинтип бүткөнү өкүнүчтүү»,- деп жазды ал.