Мунарбек Сейитбек уулу АКШда өтүп жаткан мелдеште жарым финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу АКШда өтүп жаткан эл аралык мелдеште жарым финалга чыкты.

15-апрелде Колорадо штатынын Пуэбло шаарында USA Boxing International Open турнири башталды. Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилигинде 7 спортчу катышууда.

Мунарбек Сейитбек уулу 1/8 финалдан баштап, америкалыктарды эки жолу утуп, жарым финалга чыкты.