Мунарбек Сейитбек уулу алтын медаль утса, Мирбек Атабеков 5 миң доллар берерин айтты

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алтын медаль утса, ырчы Мирбек Атабеков 5 миң доллар берерин айтты.

Мирбек Атабеков соцтармактагы баракчасына Мунарбек Сейитбек уулун колдоп пост жазды. «Утабы же утпайбы баардыгы Кудайдын каалоосу менен болот! Мунарбектин бүгүнкү күнгө чейин кылган жетишкендиги биз үчүн чоң сыймык! Мунарбекти бүгүн бир гана Кыргыз эли эмес, жалпы орто Азия колдойт! Кудай буйрусун бизге алтынды!” — деп жазды.

Комментарийде «Утса сизден сыйлык болобу?» деп сурагандарга «5 миң доллар берем» деп жооп берди.