Мунарбек Сейитбек уулунун беттеши алдында чогулгандар бата кылышты (видео)

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын финалына чыккан. Анын финалдык беттеши бүгүн, 11-августта болот.

Беттешти күтүп, Бишкектеги сейил бакка чогулгандар “Мунарбек Сейитбек уулу алтын медаль жеңсин” деп бата кылышты.

Эске салсак, кыргызстандык спортчу беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, 1-августка караган түнү кубалык Сайдель Хортаны утуп, чейрек финалга чыккан. Сейитбек уулу 4-августка караган түнү АКШлык Жамал Харви менен беттешип, кайрадан жеңишке жеткен.

9-августка караган түнү анын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти. Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарынын финалына чыккан.