Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаев өзбек секундантка ыраазычылык билдирди

9-августка караган түнү боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарынын финалына чыкты. Анын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти. Эми ал 11-августка караган түнү өзбекстандык Абдумалик Холоков менен беттешет. SuperTV каналы беттешти Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен бирге Оштогу чоң экранда көрдү.

«Мунарбекке секундант болгон өзбек машыктыруучуну көрүп бир чети сүйүндүм, бир чети желпип жаткан менмин деп эле элестеттим. Элестет 20 жыл баланы машыктырдым. Башында кыйналдык. Акча жок, мээлейге акча жок. Турнирлерге ар кимден акча сурап барчубуз. Эми жемишин көрөрдө мага деле оор болду. 1 айдай капа болуп жүрдүм. Ал эми өзбек машыктыруучуга рахмат. Эки адам барышыбыз керек дегенде, «бүттү» деп туруп алышты», — деди ал.