Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусунун беттештен кийинки эмоциясы (видео)

9-августка караган түнү боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.

Бүгүнкү анын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти. Эми ал 11-августка караган түнү өзбекстандык Абдумалик Холоков менен беттешет.

SuperTV каналы беттешти Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен бирге Оштогу чоң экранда көрдү.