Мунарбек Сейитбек уулунун секунданты болгон өзбекстандык машыктыруучу Кыргызстанга чакырылды

Кечээ, 27-августта Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Париждеги Олимп оюндарында мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун секунданты болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолукту.

Элчи Олимпиада оюндары Борбор Азия өлкөлөрүнүн достугун, биримдигин жана бир туугандык мамилелерин көрсөткөнүн белгиледи. Акмаль Хасанов чакыруу жана куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргызстанды бокс боюнча биринчи Олимпиада медалы менен куттуктады. 

«Мунарбек Сейитбек уулунун күмүш медалы Кыргызстан үчүн биринчи Олимпиада медалы болуп калды. Париж Олимпиадасында тарыхтын бир бөлүгү болуу бактысына ээ болдук», — деди Хасанов.

Сүйлөшүүнүн соңунда элчи Өзбекстанды Олимпиададагы ийгиликтүү көрсөткүчү менен дагы бир жолу куттуктап, машыктыруучуга ыраазычылык билдирди. Элчи Акмаль Хасановду Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.