«Мунун бардыгы калп». Ташиев Temirov LIVE каналына байланыштуу видеолор боюнча үн катты

«Temirov LIVE каналынын кызматкерин опузалоого УКМКнын тиешеси жок». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Мунун бардыгы калп, себеби Болот Темиров боюнча УКМК эч кандай маалыматтарды тараткан жок. Маалыматы да жок. Биз тергөө жүргүзүп жаткан жокпуз. Ал ИИМде. Ага тиешебиз жок. Мен шантаж боюнча билбейм. Мен эч нерсе окуган жокмун, талаада жүрөм», — деди ал.